Мамлекеттик салык кызматы ишкердик жүргүзүүдө накталай эмес эсептешүүлөргө байланыштуу КРнын Салык жана Эмгек кодекстерине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө берет.
КРнын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. Документ соода-тейлөө ишканаларында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде QR-коддор аркылуу төлөөнү өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.
КРнын МинКабы жана Улуттук банктын токтом долбоорунда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу жана маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Өзгөртүүлөр программанын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
КРнын Улуттук банкы оң тенденцияны сактоо максатында мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу акча которуулар үчүн кошумча комиссия алууга тыюу салууну узартуу маселесин кароону пландаштырууда.